Президенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу маселеси карала элек, ал учурдагы конституция боюнча январь айында өтөт. Бул тууралуу парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.
"Биз бүгүн парламенттик шайлоонун гана мөөнөтүн жылдырдык. Президенттик шайлоо азыркы мыйзамдар боюнча үч айдын аралыгында, 10-январда же ошого жакын датада өтүшү керек. Бирок бүгүн кабыл алган мыйзам менен Конституцияны өзгөртүүгө жол ачылды", — деди Жапаров.
Депутат эгер Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтө турган болсо, анын датасы президенттик шайлоодон мурун белгилениши керектигин кошумчалады.
Ал ошондой эле жоопкерчиликти бир адамга берүү максатында алдыда элге парламенттик же президенттик башкарууга өтүү тандоосу коюлушу мүмкүндүгүн айтты.