22 октября 2020
Кадр кызматын мурдагы вице-премьер Абдырахман Маматалиев жетектей турганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул боюнча жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Маматалиев Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты жана күч блогун жөндөгөн вице-премьер болуп иштеген. Учурда анын уулу Марлен Маматалиев ЖКнын VI чакырылышынын депутаты.
Аталган кызматтын мурдагы жетекчиси болуп Досалы Эсеналиев бир нече күн иштеген. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында аны аталган ведомствонун жетекчилигине дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон. Буга чейин Эсеналиев президенттик аппаратты жетектеп келген.