Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окуудан өттү. Эрежелери

22 октября 2020 Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окуудан өттү. Эрежелери

Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйында демилгечилердин бири Алтынбек Сулайманов баяндама жасады.

Натыйжада эл өкүлдөрү сунушталган мыйзам долбоорун колдоп берди. Алдыда дагы экинчи, үчүнчү окууда каралат.

Эгер мыйзам күчүнө кирсе:

  • Парламенттик шайлоонун күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлөт;
  • Босого чеги 7 пайыздан 3 пайызга төмөндөтүлөт;
  • Шайлоо участкасын алмаштырууга шарт түзгөн №2 форма жокко чыгарылат. Анын жолу татаалдаштырылат;
  • Шайлоого катышууга ниети бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан убактылуу гана четтетилбей, толугу менен кызматтан бошотулат.


sputnik