Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан жаңы төрага дайындалды

19 октября 2020 Мамлекеттик бажы кызматына кайрадан жаңы төрага дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болуп өткөн аптада дайындалган Элнура Мамбетжунушеванын ордуна Кадыржан Семетеев келди. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мамбетжунушева кайра эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп бекитилди.

Ал жетекчилик кызматка 14-октябрда мурдагы төрага  Алтынбек Торутаевдин ордуна дайындалганы айтылган.

sputnik