Бир гана коронавирустан эмес! Жыт сезбей калуунун себептери

20 октября 2020 Бир гана коронавирустан эмес! Жыт сезбей калуунун себептери

Коронавирус инфекциясын жуктурган учурда гана жыт билбей калат деген түшүнүк туура эмес экенин отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зайцев айтып берди.

Адистин билдиришинче, жыт билүүнүн жоголушу бир нече оорудан кабар бериши мүмкүн.

"Мурун көңдөйүнө суук тийгенде, мисалы, курч же өнөкөт ринитте, дем алуу жолунун былжыр чели менен көңдөйү сезгенген учурда жыт сезгичтердин кабыл алуусу алгач төмөндөп, андан кийин таптакыр жоголуп кетет", — деди адис.

Отоларинголог учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыт билүү жоголуп, даам дагы сезилбей жатса тезинен медициналык жардам алууга чакырган. Ошондой эле өз алдынча дарылануудан оолак болууну айткан.

sputnik