УКМК: Райым Матраимовдун айланасындагы 40 киши аныкталды

19 октября 2020 УКМК: Райым Матраимовдун айланасындагы 40 киши аныкталды

Тергөө органдары тарабынан Райым Матраимовдун жакын айланасына кирген жана коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, учурда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимов жана башка кызматтагы адамдар тарабынан түзүлгөн коррупциялык схема териштирилип жатат.

"Изилдөөнүн алкагында коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталып, алардын жүргөн жери белгилүү болду. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча активдүү иш-аракеттер жүрүп жатат", — дешти УКМКдан.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.

sputnik