Бишкекте 1-6-класстын окуучулары I чейректи аралыктан окуп бүтүрө турганын мэрия билдирди.
Маалыматта Билим берүү башкармалыгы мындай чечимди борбор калаанын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашевдин сунушу менен кабыл алганы айтылат.
"Сентябрь айында Бишкекте 7 жаштан 16 жашка чейинки 439 бала КРВИге чалдыккан, ал эми октябрдын эки жумасында бул көрсөткүч 425ке жетти. Коронавируска кабылган 33 учур катталса, анын 22си 7 жаштан 13 жашка чейинкилер. Балдардын баары Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритмдин негизинде дарыланууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Муниципалитет мектеп имараттары дезинфекциядан өтүп жатканын кошумчалады. Ар бир мектепте фильтр орнотулуп, бет кап режими иштеп жатат.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талабы боюнча респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны 20 пайыздан ашса, окуу процесси токтотулушу керек. Ушу тапта коронавирустун жайылышын чектөө боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия санитардык эрежелерди тыкыр сактоого чакырып кетти.