Ош облусун Жарасул Абдураимов башкармай болду

19 октября 2020 Ош облусун Жарасул Абдураимов башкармай болду

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жарасул Абдураимов дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Учурда жаңы жетекчи эмгек жамаатка тааныштырылды. 

Буга чейин облусту Байыш Юсупов жетектеп келген.

Абдураимов 60 жашта, Алай районунун Гүлчө айылында туулган.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоодон кийинки нааразычылыктардан улам Юсупов да отставкага кетип, кайра кайтып келген. Анын орду талашка түшкөн эле.

sputnik