Дарыгер ден соолукка пайдалуу нанды атады

19 октября 2020 Дарыгер ден соолукка пайдалуу нанды атады

Дүкөндөн нан алууда этикеткасын жакшылап окуп чыгып, байытылган ундан жасалганын алган оң. Бул тууралуу дарыгер-гастроэнтеролог Нурия Диановага шилтеме берүү менен "Известия" жазды.

Эксперт түшүндүргөндөй, витаминдер менен микроэлементтер дал ошол байытылган ундан жасалган нанда көбүрөөк болот. Ак нанда углеводдон башка нерсе жок экенин белгилеген.

Ошондой эле ал нандын жытына көңүл бурууну эскерткен. Эгер ал өтө кычкыл же ачыткы жыттанып турса, албай эле койгон туура. Ачыткы көп учурда кишини зарна кылат.

Мындан тышкары, гастроэнтеролог нан кошулмалары жөн гана "маркетингдик амал" экендигин билдирген. Тагыраагы, кургатылган мөмө-жемиштер менен жашылчалардын кесими азыктын калориясын көбөйтүп жиберет.

sputnik