20 октября 2020
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Матраимов УКМКнын имаратына алып келинди.
“2016-жылдан бери Райым Матраимов менен дагы башка жооптуу кызматтагы адамдардын коррупциялык схема түзгөнү аныкталды. Натыйжада мамлекет ири суммадагы чыгымга учураган”, — дешти УКМКдан.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жүрүп жатат. Ага ылайык, мамлекеттин бюджетине келтирилген чыгымдын суммасы жана буга тийиштиги бар адамдар аныкталат.