Башкы прокуратура кызматка алчуларга сынак жарыялады. Мөөнөтү

19 октября 2020 Башкы прокуратура кызматка алчуларга сынак жарыялады. Мөөнөтү

Башкы прокуратура кадрлар резервине кызматкерлерди топтоо боюнча кезектеги сынакты жарыялады. Бул тууралуу көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Талапкерлердин документтерин кабыл алуу талаптар бекитилген тиешелүү тизменин негизинде 2-30-ноябрь аралыгында Башкы прокуратуранын кадрлар башкармалыгында жүргүзүлөт", — деп айтылган маалыматта.

Ишке кирүүнү каалагандар эмне документтерди топтоо керектигин, болжол менен кандай суроолор бериле тургандыгын, сынак эмненин негизинде жүргүзүлөрүн Башкы прокуратуранын расмий сайтындагы "Кадрлар" бөлүмү деп жазылган жерден билсе болот.

sputnik