Адис уюлдук телефонго жакындарды "ата", "апа" деп сактабаш керектигин айтты

19 октября 2020 Адис уюлдук телефонго жакындарды "ата", "апа" деп сактабаш керектигин айтты

Уюлдук телефон жеке маалыматтардын көбүн камтыгандыктан, аппаратын жоготкон адам бир топ кыйынчылыкка кабылат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине Москвадагы "Защита" адвокаттар коллегиясынын башчысы Анатолий Миронов айтып берди. 

Адистин билдиришинче, телефон жоголбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан бир нече коопсуздук эрежелерин эске алуу зарыл. Анын ичинде гаджетке жакын адамдардын кандайча тууган экенин жиликтеп жазбай эле койгон оң.

"Маселен, айрымдар номерлерди "ата", "апа" же "эже" деп туруп, кайра атын дагы толук жазып коюшат. Бул уурулардын ишине эле жол ачат. Алар сиздин атыңыздан туугандарга чалып же жазып, ар кандай нерсени талап кылышы мүмкүн. Жол кырсыгына кабылдым, укук коргоо органдары кармап кетти же башка толгон-токой шылтоону айтып акча өндүрүп алышы ыктымал", — деген юрист.

Ошондой эле эксперт телефонго банк карталарынын сыр сөздөрүн жана көп кабаттуу батирге киргенде тере турчу номерлерди сактабай эле коюну сунуштаган.

Мындан тышкары, аппараттагы маалыматтарды байма-бай текшерип, коопсуздукка коркунуч келтире турчуларын оңдоп-түзөп же тазалап эле койгон туура экенин кошумчалаган.

sputnik