Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын ишинде биринчи орунда мамлекеттин казынасына майда акчалар эмес, масштабдуу көлөмдө зыян тийгизген жогорку кызматтагыларга жана таза эмес иштеген ишкерлерге байланыштуу резонанстуу иштер турушу керек. Бул туурасында аталган ведомство жетекчиси Сыймык Жапыкеев Финполдун ыкчам тергөөчүлөр курамы менен жолугуп жатканда айткан.
Борбордук аппараттын кеңешмесинде коррупция менен күрөшүү боюнча Финполдун кезектеги күрөшү, экономикалык коопсуздукту камсыздоо, андан сырткары, коомчулукта талкуу жараткан кылмыш иштери боюнча жасалчу жумуштардын планы макулдашылган.
"Өлкө жетекчисинин түз тапшырмаларын аткаруу боюнча конкреттүү чаралар, иштин жыйынтыктары туурасында маалымат берилди. Учурда резонанстуу бир нече иштер иликтенип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Жапыкеев республикадагы бардык аймактык бөлүмдөрүндө ишти күчөтүү, өлкөнүн экономикалык коопсуздук деңгээлин бекемдөө жаатында иштин майнаптуулугун арттыруу, мамлекеттик бюджетке келген чыгымды кайтаруу, таза бизнести ишенимдүү коргоону камсыздоо боюнча тапшырмаларды берген. Андан сырткары, эл менен өз ара кызматташып, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча коомдук ишти күчөтүүнү кошумчалаган.
Жапыкеев мыйзамга баш ийген жарандарга карата Финансы полициясынын кызматкерлеринин мыйзамсыз же ыйгарым укуктарынан артыкча пайдаланып кеткен учурлары боюнча маалымат жетсе, катаал чаралар көрүлө тургандыгын айткан.