Түркия жаңы аскер техникасын "Тулпар" деп атады. Видео

19 октября 2020 Түркия жаңы аскер техникасын "Тулпар" деп атады. Видео

Tulpar согуштук техникасын атайын даярдыктагы аскерлер жана жөө аскерлер пайдаланат. Жаңы муундун машинасы ыкчамдыгы менен айырмаланары айтылды.

Түркия жаңы чыгарган жөө аскерлер техникасына Tulpar (“Тулпар”) деген аталыш ыйгарды. Бул тууралуу аталган аскердик техниканы чыгарып жаткан Otokar компаниясынын башкы директору Сердар Гергүч “Анадолу” агенттигине берген маегинде билдирген. 

Сердар Гергүч аскердик техника “Манас” эпосундагы жоокерге жан жолдош болгон жылкы баласынын урматына коюлганын белгиледи.

Анын айтымында, жаңы техника Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО ) стандарттарынын негизинде сыноодон ийгиликтүү өтүп, учурда Түркия президентинин администрациясынын коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын колдоосу менен чыгарууга даяр турат.

“Бул аскер машинасы акыркы технологияларды колдонуу менен чыгарылган. Ал эң татаал климаттык шарттагы сыноолордон өткөн. Жаңы муундун техникасы ыкчамдыгы жана ок атуу артыкчылыгы менен айырмаланат. Учурда аны көп санда чыгарууга толук даярбыз. Бул Түркиянын жеке өзү чыгарган алгачкы аскердик техникасы”, — деген Гергүч.

Tulpar машинасын атайын даярдыктагы аскерлер жана жөө аскерлер пайдаланат.

sputnik