УКМК: коррупциялык иштерге күбө болгондор үчүн ишеним телефондор иштей баштады

19 октября 2020 УКМК: коррупциялык иштерге күбө болгондор үчүн ишеним телефондор иштей баштады

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында ишеним телефон менен электрондук почта иштеп баштады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

УКМК коррупцияга байланышкан фактылар тууралуу билгендер болсо ишеним телефонго кабарлап коюуну өтүнөт.

"Эгерде сиз коррупцияга байланышкан иштер тууралуу фактыларды билсеңиз, мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин мыйзамга каршы аракеттерине күбө болуп калсаңыз тез арада Коррупцияга каршы кызматтын (0312) 66-00-20 ишеним телефонуна жана "aks.gknb@gmail.com" электрондук дарегине же (0312) 66-04-75 нөөмөт телефонуна кабарлап коюңуз", — деп белгиленет билдирүүдө.

УКМК коррупция боюнча фактыларды ачыктаган жарандардын аты-жөнү купуя катары сакталарына кепилдик берет.

sputnik