Бет кабын чечип өбүшө кеткен түгөйлөр жазаланды. Италиядагы окуя

19 октября 2020 Бет кабын чечип өбүшө кеткен түгөйлөр жазаланды. Италиядагы окуя

Милан шаарында көчөдө өбүшүү үчүн бет кабын чечкен түгөйлөр Италия өкмөтүнүн коронавируска каршы чектөөлөрүн бузду деп 400 евро айып салынды. Бул тууралуу "Известия" жазды.

40 жаштагы италиялык киши польшалык түгөйү менен ресторанга бара жаткан жолдо бет кабын чечип өбүшкөнүн полиция кармап алган.

Жергиликтүү бийликтин чечимине ылайык, адамдар бири-бирине бир метрдей аралыкка жакын болгон учурда бет кап тагынуусу зарыл. Бул эреже чогуу жашагандарга тиешеси жок. Бирок полиция бул түгөйлөрдүн эки башка даректе жашаганын аныктагандан кийин айып салган.

Worldometer уюмунун маалыматына ылайык, 18-октябрга карата Италияда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 402 536га жеткен. Анын ичинен 36 474 бейтап каза болгон. 249 127 адам сакайып кеткен.

sputnik