Кайсы аймакта коронавирустан көп киши каза болду? Статистика

19 октября 2020 Кайсы аймакта коронавирустан көп киши каза болду? Статистика

Республикалык штаб кайсы аймакта канча киши коронавирустан көз жумганын айтып, облустардагы статистиканы жарыялады.

Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө коронавирустан 1 111 адам каза тапкан. Анын ичинен көбү, тагыраагы, 547си Бишкекте.

Коронавирустан көз жумгандар:

  • Бишкек шаары — 547;
  • Ош шаары — 66;
  • Чүй облусу — 142;
  • Ош облусу — 79;
  • Талас облусу — 30;
  • Нарын облусу — 64;
  • Ысык-Көл облусу — 83;
  • Жалал-Абад облусу — 62;
  • Баткен облусу — 38.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 52 526га жетти. Анын ичинен 45 863 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

sputnik