Жээнбековдун отставкасын сүйлөшүүгө Жапаровду кимдер коштоп барганы айтылды

14 октября 2020 Жээнбековдун отставкасын сүйлөшүүгө Жапаровду кимдер коштоп барганы айтылды

Мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева президент Сооронбай Жээнбеков менен отставкасын сүйлөшүүгө Жапаров менен кошо кимдер катышканын ачыктады.

Анын айтымында, сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаровдун жанында ЖК депутаттары Талант Мамытов, Курманкул Зулушев жана Камчыбек Ташиев болгон. Алар Жээнбеков отставкага кетиши керек деген позицияны карманууда.

Ал эми Жээнбеков тарабынан кеңешчиси Мурат Шайымкулов, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, сырткы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков жана маалымат катчысы Толгонай Стамалиева катышкан.

Белгилей кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митинг өткөрүп, Ак үй менен УКМКнын имаратын басып алышкан. Мындан улам өлкөдө башаламандыктар уланып, 9-октябрда Жээнбеков өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң кызматтан кетүүгө даяр экенин жар салган.

Ал эми бүгүн, 14-октябрда, Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүп коюп кете турганы расмий жарыяланды.

sputnik