Эски аянтка чогулгандар "Ысык-Көл" мейманканасын көздөй бет алды

15 октября 2020 Эски аянтка чогулгандар "Ысык-Көл" мейманканасын көздөй бет алды

Бүгүн эртең менен эски аянтка чогулган премьер-министр Садыр Жапаровдун тарапташтары Ысык-Көл мейманканасын көздөй бет алды.

Өкмөт үйүнүн алдына 100 чамалуу адам чогулган. Ошол эле маалда "Ысык-Көл" мейманканасынын жанына дагы Жапаровдун тарапташтары жыйналууда.

Митингчилер Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылышууда. Кечээ кечинде Садыр Жапаров тарапташтарынын алдына чыгып президенттин отставкасы тууралуу сүйлөшүү аягына чыкпаганын, Жээнбеков менен бүгүн дагы жолугарын билдирген.  Анын айтымында, сүйлөшүүлөр бүгүн саат 11.00дө башталат. 

"Ысык-Көл" мейманканасы мамлекеттик резиденциянын жанында жайгашкан.

Белгилей кетсек, кечээ аталган мейманкананын алдында 300дөй адам келип президент Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясын өткөрүшкөн. 

sputnik