Садыр Жапаров кримчөйрөнү түп тамыры менен жок кыларын айтты. Видео

14 октября 2020 Садыр Жапаров кримчөйрөнү түп тамыры менен жок кыларын айтты. Видео

Кыргызстанда криминал түп тамыры менен жок болот. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Видео

Жыйында депутат Дастан Бекешев "Кыргызстанда криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен күрөшөсүзбү" деген суроо узаткан.

"Кыргызстанда криминал жок болот, алар менен катуу күрөшөм. Келгиле, өнүккөн өлкөлөр сыяктуу криминал дегендерди жок кылып таза мамлекетти түзөлү. Ал үчүн силер да мага жардам беришиңер керек", — деди Жапаров.

Жаңы бекитилген премьер-министр өлкөдө саясий куугунтук болбой турганын, ага сөз берерин да кошумчалады.

"Саясий куугунтуктан мына мен, бир туугандарым, үй-бүлөм баарыбыз өттүк. Араңыздарда мендей адилетсиздикти жон териси менен сезген бирөө да жок болушу керек. Аны өз башыман өткөргөн адам катары андай саясий куугунтук болбойт деп сөз берем, — деди өкмөт башчы.

Эскерте кетсек, бүгүн парламент өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын карап бекитип берип, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп беришти.

sputnik