ЖКнын премьерди тандоо боюнча жыйыны. Учурда эмне болуп жатат. Сүрөт

14 октября 2020 ЖКнын премьерди тандоо боюнча жыйыны. Учурда эмне болуп жатат. Сүрөт

4-октябрда парламенттик шайлоо өттү, 10 күндөн бери өлкөдө абал тынчый элек. Митингдер өтүп, өкмөт отставкага кетип, ЖК төрагасы алмашты.

Бүгүн, 14-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы бир жыйынга чогулат. Күн тартибинде өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасын бекитүү каралган.

10-октябрда парламентарийлер "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт башчылык кызматка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдошкон. Бирок кийин бир катар депутаттар анда кворум болбогондуктан чечим легитимсиз деп чыккан.

Бүгүн "Ала-Арчага" кайрадан чогулган депутаттар өкмөт башчынын талапкерлигин карап, өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасын талкуулап бекитип бериши керек.

Учурда журналисттер резиденцияга келишти 

Жыйындын тогуз жарымда башталары айтылган, бирок кечигүүдө. 



sputnik