Жапаров Чүй облусунун башчылыгына "Ордо" партиясынын лидерин дайындады

15 октября 2020 Жапаров Чүй облусунун башчылыгына "Ордо" партиясынын лидерин дайындады

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынганы айтылат.

sputnik