Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөнүн журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Жээнбеков андан жардам сураган.
"Мен Кыргызстанга келгенден кийин Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөштүм. Ал "Мелис, сен тажрыйбалуусуң. Өлкөнүн ынтымагына салымыңды кош" деп суранды", — деди Мырзакматов.
Экс-мэр Мырзакматов Жээнбеков аны менен өзү байланышка чыкканын кошумчалады.
Эске салсак, 7-октябрга караган түнү чет өлкөдөгү Мелис Мырзакматов Кыргызстанга келген. Анын аэропорттогу видеосу интернетке тараган. Ошол эле күнү ал эл алдына чыгып сүйлөгөн.
Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрында шаарды аралап өтчү асма көпүрөнү салууда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып, издөө жарыяланган. Бирок бул убакта ал өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн. Кийин 2015-жылдын июль айында жети жылга сыртынан кесилген.