Сооронбай Жээнбеков парламенттин төрагасы менен импичмент маселесин талкуулады

8 октября 2020 Сооронбай Жээнбеков парламенттин төрагасы менен импичмент маселесин талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков импичмент маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. 

Эки тараптуу баарлашуу Жээнбековдун демилгеси менен ишке ашкан. Стамалиеванын айтымында, бул жолку сүйлөшүү телефон аркылуу болду, бирок тараптар бетме-бет келип сүйлөшүү зарылдыгын белгилешти. 

Эске салсак, кечээ, 7-октябрда, Жогорку Кеңеш депутаттарынын өлкөдөгү абал жана президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо мүмкүндүгү талкууланган жолугушуусу үзгүлтүккө учураган.

Мындан сырткары, Жээнбеков кризистик абалдан чыгуу үчүн түрдүү саясий күчтөр менен сүйлөшүп жатканы кабарланган. Ошондой эле президент саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтүп жатканы белгиленген.

sputnik