Жээнбековго импичмент жарыялаш керекпи? Бабановдун пикири

9 октября 2020 Жээнбековго импичмент жарыялаш керекпи? Бабановдун пикири

"Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо маселесине жеке пикирин билдирди.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабановду "Ата Мекен", "Республика", "Реформа" жана "Бир Бол" партиялары премьер-министрликке көрсөтүштү.

"Импичмент боюнча айтсам, президент арыз жазып кетүүгө даяр экенин билдирди. Эгер ал сөзүнө тура турган болсо импичмент жарыялоо зарылдыгын көрбөй турам", — деди Бабанов.

Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында саясатчыны колдогон митинг өтөт.

sputnik