Сүрөттөн эң биринчи кайсы адамды көрдүңүз – сиз ошол адамсыз

12 октября 2020 Сүрөттөн эң биринчи кайсы адамды көрдүңүз – сиз ошол адамсыз

Сүрөттөн сиз эркектин жүзүн биринчи болуп көрдүңүзбү? Андай болсо, сиздин башкалардын сыйына бөлөнүүгө, суктанууга  жана баалоого аракет кылган эмгекчил адам экениңизди билдирет. Өзүңүз тааныбаган чөйрөдө абдан жабык адамсыз.

Эгер сиз пальто кийген адамды биринчи байкасаңыз, сиздин ички дүйнөңүз тынч эмес. Майда маселелерге баш катырып,  өтө эле тынчсыздана бересиз. Бул депрессияны билдирбесе да, көңүлүңүз ар дайым жабыркап жүрөрүнөн кабар берет.

Биринчи сиз баланы көрдүңүзбү? Эгер андай болсо, сиз жашоодо өзүңүздү алсыз сезесиз. Жоопкерчиликти өзүңүзгө кантип алуу керектигин билбейсиз. Өзүңүзгө ишенбейсиз. Ар бир кадамыңыздан шектенип, “туура кылып жатамынбы” деген күмөн түрат. Мунун баары сизди жакшы көргөн адамдардын сезимин байкабаганыңыздан. Алар сезимин жеткире алышпайт же сиз кабыл ала албайсыз.

Сиздин көзүңүзгө биринчи түшкөнү – китеп окуп олтурган адамбы?   Бул сиздин руханий адам экениңизди билдирет. Билимге деген кумар жогору. Кыялкеч адамсыз. Өлүм тууралуу көп ойлойсуз. Философиялык түшүнүктөрдү окуганды жактырасыз.

Эгер сиз сүрөттөн ак халат кийген эки адамды көрсөңүз, демек өжөр адам экениңизди билдирет. Айланаңыздагы адамдардын сизге гана багынып, кеңеш сурап, акылдашканын каалап турасыз. Талап кыласыз. Сыртынан текебер болуп көрүнгөнүңүз менен, өзүңүздүн түпкүлүгүңүздү  жоготкон эмессиз. Эркиндикти өзүңүз жакшы көрсөңүз да, башкаларга эркиндик бербейсиз. Үй-бүлөңүздөн башка эч кимге ишенбеген адатыңыз кээде өкүндүрөт.