Ош шаардык соту Тилек Матраимовду камакка алуу чечимин чыгарды

13 октября 2020 Ош шаардык соту Тилек Матраимовду камакка алуу чечимин чыгарды

Ош шаардык соту Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун баш коргоо чарасын тандап, бир айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Матраимовдун баш коргоо чарасы 9-октябрда каралган. Соттун чечими менен ал 9-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

Эске салсак, Тилек Матраимов жана анын эки жакын адамы кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан 6-октябрда кармалган. Коңшу өлкө аларды 9-октябрда Кыргызстанга өткөрүп берген. Алар чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси менен айыпталууда.

sputnik