Адис: коронавирус ашыкча салмагы бар адамдар үчүн кооптуу

12 октября 2020 Адис: коронавирус ашыкча салмагы бар адамдар үчүн кооптуу

Ашыкча салмагы бар адамдар коронавируска кабылса каза болуу ыктымалдыгы 48 пайызга жогорулайт. Мындай тыянакты Россиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Салагай билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, мындай пикир бүгүнкү турмушта жүргүзүлгөн изилдөөлөргө негизделет.

“400 миңдей бейтапка жүргүзүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, коронавирус жуктурган семиз адамдар ооруканага түшүп калуу ыктымалдыгы 113 пайыз, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калуу ыктымалдыгы 74 пайыз. Ал эми 48 пайызында каза болуу ыктымалдыгы бар”, — деп айтылат маалыматта.

Адис ашыкча салмактан арылуу - коронавирус инфекциясын жана анын терс кесепеттерин алдын алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири экенин белгиледи.

sputnik