Жандан кечкенби. Көтөрүлгөн көпүрөгө кирип кетип көз жумган мотоциклчен. Видео

12 октября 2020 Жандан кечкенби. Көтөрүлгөн көпүрөгө кирип кетип көз жумган мотоциклчен. Видео

Kawasaki үлгүсүндөгү мотоциклченди көпүрөнүн жээгинде турган жол кызматкери токтотууга үлгүрбөй калгандыгын РЕН ТВ телеканалы жазды.

Ал эми окуянын видеосу YouTube каналына жарыяланды. 

Кадрдан ал коргоочу тосмолорду тоготпой ылдамдык менен түптүз өтүп барып, көпүрө көтөрүлгөндө пайда болгон ажырымга түшүп кеткендигин көрүүгө болот. Андан ары 29 жаштагы жигит сууга кулаган.

Аны суудан алып чыкканда эс-учун жоготкону аныкталып, бир аздан кийин көз жумган.

Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциядан окуянын ишемби күнү түнкү саат экиге чукул болгондугун, маркум жолдорго тыюу салган белгини тоготпой өтүп кеткендигин айтышкан.

sputnik