Садыр Жапаров эмнеге оппозициялык күчтөр менен бирикпей калганын айтты

12 октября 2020 Садыр Жапаров эмнеге оппозициялык күчтөр менен бирикпей калганын айтты

Оппозициялык саясий күчтөр менен кызмат талашуудан улам бириге албай калдык. Бул тууралуу премьер-министрлик кызматка бекитилген Садыр Жапаров билдирди.

Ал үч күндөн бери оппозициялык күчтөрдүн баары менен байланышып, чакырган жерине барып жатканын белгиледи. Бир гана Алмазбек Атамбаев менен жолукпаганын билдирди.

"Биз Камчыбек Ташиев экөөбүз биригүүнү сунуштап, кырдаалдан чыгып кетүү үчүн туура жолду көрсөтүп жаттык. Бирок бардыгы эле бийликке умтулат экен. Ар кандай ультиматумдарды коюп жатышты. Премьер-министр, вице-премьерликти бер деп чыгышты. Бир эле топ эмес, башкалары да ушул кызматты сурады. Ушинтип отуруп келише албай калдык", — деди Жапаров.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков менен бүгүн гана жолукканын кошумчалады.

sputnik