13 октября 2020
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны көбөйө баштады. Өткөн суткада 343 адамдан COVID-19 табылганын Республикалык штабдан маалымдашты.
Коронавирус жуктурган жаңы учурлар:
- Бишкек – 81;
- Ош – 18;
- Чүй облусу – 21;
- Ош облусу – 46;
- Ысык-Көл облусу – 17;
- Жалал-Абад облусу – 77;
- Баткен облусу – 83.
Бир суткада 190 бейтап ооруну жеңген. Алар:
- Бишкекте – 25;
- Ош шаарында – 7;
- Чүй облусунда – 9;
- Ош облусунда – 46;
- Нарын облусунда – 4;
- Талас облусунда – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 13;
- Жалал-Абад облусунда – 43;
- Баткен облусунда – 42.
Жалпысынан алганда Кыргызстанда 49 871 адамдан коронавирус табылып, анын 44 712си айыкты.
Тилекке каршы, өткөн суткада эки өлүм катталды. Ошону менен COVID-19 өлкөдө 1 092 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта 1 776 бейтап стационарларда, ал эми 1 833 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы маалым болду.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медик коронавирус жуктуруп алган. Алар:
- Ош шаарында – 1;
- Баткен облусунда – 2;
- Ош облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 7;
- Ысык-Көл облусунда – 1.
Ошол эле маалда жети медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылганы айтылды.