Токтогулдагы жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды. Алтоо ооруканада

13 октября 2020 Токтогулдагы жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды. Алтоо ооруканада

Токтогул районунда катталган жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алып, алты киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Видео

Билдирмеге ылайык, 12-октябрь күнү саат 13:48дер чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 310-чакырымында (Кара-Жыгач айылы) Honda Odyssey жана Toyota 4runner үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

"Кырсыктын кесепетинен 53 жаштагы эки эркек киши жана 50 жаштагы бир аял көз жумган. Мындан сырткары, алты адам жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, көз жумган кишилерди унаадан чыгарып ИИМ өкүлдөрүнө өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган алты киши Токтогул районундагы аймактык ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.

sputnik