12 октября 2020
Кыргызстанда банкоматтар ишин жанданттыбы?
Эске салсак, өткөн аптадагы элдик толкундоолор маалында көпчүлүк финансы ишканалары банкоматтардан акчаны чыгарып кетишкен. Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев муну 2005-2010-жылдагы башаламандык учурундагыдай каражаттар тонолуп кетпесин деген максатта жасалды деп түшүндүргөн.
Бүгүндөн тарта банктар ишин акырындык менен жандантып, көпчүлүгүнүн банкоматтары кайрадан иштей баштады.
- FINCA банкы — бардык банкоматтары иштеп жатат;
- “Бай-Түшүм” банкы — бардык банкоматтары иштеп жатат;
- “РСК Банкы” — түштөн кийин бардыгы иштей баштайт;
- “Кыргызстан” банкы — банкоматтардын айрымдары ишке кирди, калгандарына инкассатордук кызмат каражат толтуруп жатат;
- KICB банкы — көпчүлүк банкоматтар иштей элек, качан иштээри белгисиз;
- “Компаньон” банкы — бардык банкоматтары иштеп жатат;
- “Кыргызкоммерцбанк” — башкы кеңседеги банкомат гана иштеп жатат, жакында бардыгы ишке киришет;
- “Керемет Банк” — айрым банкоматтары иштеп жатат;
- “Оптима Банк” — бардык банкоматтары иштеп жатат;
- "Кыргыз-Швейцариялык Банк" — банкоматтар иштей элек, качан ишке кирери белгисиз;
- “Азия Банк” — бардык банкоматтары иштеп жатат;
- “Айыл Банк” — бардык банкоматтары иштеп жатат;
- “Аманбанк” — бардык банкоматтары иштеп жатат;
- “Бакай Банк” — банкоматтардын айрымдары ишке кирди, калгандарына инкассатордук кызмат каражат толтуруп жатат;
- Пакистан улуттук банкынын Бишкек филиалы — банкоматтар иштей элек;
- “Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы" — көпчүлүк банкоматтар иштеп жатат;
- “Дос-Кредобанк” — банкоматтар иштей элек;
- "Евразиялык Сактык Банкы" — жалгыз банкоматы бар, ал иштеп жатат;
- “Капитал Банк” — бардык банкоматтары иштеп жатат;
- “Толубай Банк” — бардык банкоматтары иштеп жатат;
- “ФинансКредитБанк” – бардык банкоматтары иштеп жатат;
- “Халык Банк Кыргызстан” — түштөн кийин бардыгы иштей баштайт;
- “ЭкоИсламикБанк” — бардык банкоматтары иштеп жатат.