Сапар Исаков: менин да автоунаамды аткылашты. Видео

9 октября 2020 Сапар Исаков: менин да автоунаамды аткылашты. Видео

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков "Ала-Тоо" аянтынан белгисиз адамдар анын дагы автоунаасын аткылашканын билдирди.

Исаков унаасына тийген октун издерин көрсөтүп жаткан видео соцтармакка тарады. 

sputnik Видео

Эске салсак, буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да өмүрүнө кол салуу аракети болгонун билдирген. Белгисиз адамдар анын унаасына ок чыгарган.

Буга чейин "Форум" мекемесинин алдында чогулуп турган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Алгач биринчи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталган.

sputnik