Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев абакка кайтарылган жок. Себеби

12 октября 2020 Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев абакка кайтарылган жок. Себеби

Бишкек ТЭЦтеги коррупциялык иштерге айыпталып камалган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугу начарлап Улуттук кардиология жана терапия борборунда жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Ооруканада жаткан экс-премьер ЖАМК кызматкерлеринин кылдат көзөмөлүнө алынган.

"ЖАМК тарабынан КРдин Жазык-аткаруу кодексинин 97-беренесинин негизинде 2020-жылдын 6-октябрында ТЭЦ чырына байланыштуу камакка алынгандарга түзөтүү мекемесинен чыгып, кайра кайтып келүүгө уруксат берилген. Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында соттолгон Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев түзөтүү мекемелерине кайтарылды. Ал эми Сапар Исаков, Албек Ибраимов, С.Куланбаев, Б.Куланбаевге берилген өргүүнүн мөөнөтү бүгүн аяктайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Талаптар аткарылбаса, укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.

sputnik