Интернетке аянтта сабалып канжалап жаткан кишинин видеосу чыкты

9 октября 2020 Интернетке аянтта сабалып канжалап жаткан кишинин видеосу чыкты

Интернетте бети-башы канжалап, эс-учу жок жаткан кишинин видеосу тарады.
sputnik. Видео

Кадрларда аны бир топ киши тегеректеп алып сүйлөп жатканын көрүүгө болот. Ал жерде Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев жана башка саясатчылардын аты аталып, "бул жансакчыны карагыла" деп айтылат.

Ошондой эле "силерди дагы ушундай тагдыр күтүп турат" деген маанидеги сөз айтылат.

Буга чейин "Форум" мекемесинин алдында чогулуп турган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келишкен. Саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда эски аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары келди. Алгач биричи тарап Садыр Жапаровдун колдоочуларын сүрүп чыгарууга аракет кылып, кийин эки жактан тең таш ыргытылып, ызы-чуу башталган.

sputnik