Саясатчы Равшан Жээнбековду кафеден кармап, ИИМге алып келишти

12 октября 2020 Саясатчы Равшан Жээнбековду кафеден кармап, ИИМге алып келишти

Саясатчы Равшан Жээнбеков кармалып, ИИМдин тергөө кызматына алып келинип, ага "Ала-Тоо" аянтындагы башаламандыктар боюнча иш козголду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Саясатчыга карата Жазык кодексинин 264-беренесинин ("Массалык башаламандык") негизинде иш ачылып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдашты.

5-октябрдан 6сына караган түнү Бишкекте митинг болуп, тергелип-камалып отургандар түрмөдөн бошотулган. Алгач Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду, андан кийин дагы бир катар абакта отурган саясатчыларды бошоткон. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да болгон.

"Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери Равшан Жээнбековду Бишкек шаарындагы кафелердин биринен кармаган. Учурда ал ИИМдин тергөө кызматында", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын декабрь айында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган.

Буга чейин Атамбаев баш болгон саясатчыларды ИИМ кайрадан кармаган.

sputnik