9 октября 2020
"Ала-Тоо" аянтында митингчилер кагылыша кеткен учурда ок атылды. Окуянын видеосу интернетке тарады.
sputnik. Видео
Эки жаат алгач түртүшүп, андан соң бири-бирине таш ыргыткан.
Видеодон көрүнүп тургандай, белгисиз адам жүрүп бараткан унааны көздөй ок чыгарган.
Буга чейин эски аянтта турган Садыр Жапаровдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келгенден кийин эки жаат каршылаша кеткен. Ушул тапта эл суюла түшкөнү менен "Садыр" деп кыйкыргандардын үнү угулуп жатат.