Жанылыктар

Коронавирустан айыккандар эмнесин текшертиши керек. Маанилүү кеңештер

COVID-19 оорусун жуктуруп айыккандар организмине байкоо салып, бир нече анализ тапшырышы керек. Бул тууралуу РИА Новости "Хеликс" лабораториялык кызматынын директору Дмитрий Денисовго таянып билдирди.

15 марта 2021
Францияда классташын өлтүргөн өспүрүмдөр 20 жылга чейин соттолушу мүмкүн

Алишанын сөөгү 8-март күнү кечинде Сена дарыясынан табылган. Жергиликтүү прокурордун маалыматына караганда, кыз ал күнү эки классташы менен жолуккан. Алар Алишаны ур-токмокко алып, тирүүлөй Сена дарыясына ыргытып жиберишкен. Прокуратура алар муну алдын ала пландашкан деп эсептөөдө.

15 марта 2021
Казакстанда учак кырсыгынан аман калгандарга операция жасалды
Казакстанда учак кырсыгынан аман калгандарга операция жасалды

Алматыда учак кырсыгынан тирүү калган эки экипаж мүчөсүнө операция жасалды. Дарыгерлер алардын абалы туруктуу экенин билдиришти. Бул тууралуу казак басылмалары коомдук саламаттык башкармалыгына шилтеме жасоо менен кабарлашты.

15 марта 2021
Кыргызстандын муз тоңгон жолдорундагы автотыгындар. Видео
Кыргызстандын муз тоңгон жолдорундагы автотыгындар. Видео

ӨКМ Бишкек — Ош жолунун 126-чакырымында унаалар токтоп калганын билдирди. Ал жакта министрликтин техникасы, кызматкерлери жана Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору иштеп жатат. Саат 20.00дөн тарта “Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Жолдун аркы башынан — Токтогул районунда  чоң машиналар 21.00дөн баштап тосулууда.

15 марта 2021
Кирпик жасоодон баштаган бизнесим миллионер кылды. 20 жаштагы Ырыс менен маек
Кирпик жасоодон баштаган бизнесим миллионер кылды. 20 жаштагы Ырыс менен маек

Ырыс Нурланова 20 жаштагы миллионер кыз. Аны карьера менен үй-бүлөнү ийгиликтүү алып кеткен айымдардын катарына кошсо болот. Себеби ишкер кыз 18 жашында турмушка чаккан, учурда бир уулдун энеси.

14 марта 2021
Каза болгондор бар. Боомдо жол кырсыгы болду. Видео
Каза болгондор бар. Боомдо жол кырсыгы болду. Видео

Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Боом капчыгайында жол кырсыгы катталып, андан эки киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

14 марта 2021
"Мекеним Кыргызстан" партиясын негиздеген Айбек Осмонов ЖК депутаты болду
"Мекеним Кыргызстан" партиясын негиздеген Айбек Осмонов ЖК депутаты болду

Айбек Осмонов "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн чечим кабыл алганы белгилүү болду.

14 марта 2021
Сох анклавы боюнча туура эмес маалымат тарады. Облус жетекчилигинин түшүндүрмөсү
Сох анклавы боюнча туура эмес маалымат тарады. Облус жетекчилигинин түшүндүрмөсү

Белгилей кетсек, кечээ президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек "Кыргыз бийлиги Өзбекстанга Кыргызстан аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр. Сохтун жашоочулары чек ара аркылуу эркин каттай алат. Ал эми Өзбекстан Кыргызстанга талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоону берүүгө даяр" деген билдирүү тараткан.

14 марта 2021
Өзбекстан Үңкүр-Тоону талашпоого даяр. Ордуна эмне сурайт
Өзбекстан Үңкүр-Тоону талашпоого даяр. Ордуна эмне сурайт

Өзбек тарап Кыргызстанга буга чейин талаш-тартыш жана саясий чыңалуунун булагы болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат катчы Галина Байтеректин билдирүүсүндө айтылды.

14 марта 2021
Айыл өкмөтүнө талапкерди акимдер гана сунуштайт... Жаңы мыйзам долбоору
Айыл өкмөтүнө талапкерди акимдер гана сунуштайт... Жаңы мыйзам долбоору

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду. Аны "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Замирбек Эсенаманов алып чыккан.

14 марта 2021
Ашканадагы билдирүүдөн Финполго чейин. Сыймык Жапыкеев тууралуу 9 факты
Ашканадагы билдирүүдөн Финполго чейин. Сыймык Жапыкеев тууралуу 9 факты

Сыймык Жапыкеев "Чоң казат" партиясынан парламенттик шайлоого аттанып, 5-октябрдагы окуялардан кийин Башкы прокурордун милдетин аткарган. Партия лидери Максат Мамытканов Жапыкеев юридикалык жактан бекитилбегенин, бирок мыйзамсыздыкты алдын алуу үчүн жана прокуратуранын айрым иштери жүрүп турушу үчүн иштеп жатканын айткан.

12 марта 2021
Муфтият быйылкы орозонун болжолдуу датасын белгиледи
Муфтият быйылкы орозонун болжолдуу датасын белгиледи

"Хиджра айларынын башталышы астрономиялык иликтөөлөр менен алектенген эл аралык борборлордун маалыматтарына негизделген. Адистер диний майрамдар айдын жаңырышына карап бир күнгө алдыга же артка жылып кетиши мүмкүн экенин айтышат", — деп жазылат Казакстан дин башкармалыгынын билдирүүсүндө.

12 марта 2021
Сургутта кыргызстандык эки бала өрттөн каза тапты
Сургутта кыргызстандык эки бала өрттөн каза тапты

Россиянын Сургут шаарына жакын жерде чыккан өрттөн кыргызстандык эки бала көз жумду. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.

12 марта 2021
Исмаил Исаков, генерал-лейтенант: «Тажикстандын 31,6 пайызын Кыргызстан берген жер түзөт»
Исмаил Исаков, генерал-лейтенант: «Тажикстандын 31,6 пайызын Кыргызстан берген жер түзөт»

-Исмаил Исакович, Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитип жатканда премьер министрге талапкер Улукбек Марипов депутаттардын суроосуна Төрткүл суу сактагычынын башындагы “головной” Тажик Республикасына өтүп кетиптир деп айтып алып, элдин дүрбөлөңүнөн кийин сөзүн кайра артка алганга мажбур болду. Ушул маселе боюнча сиздин оюңузду угалы дедик эле?

12 марта 2021
Бишкекте 9-кабаттан кулаган куруучу аман калды. Видео
Бишкекте 9-кабаттан кулаган куруучу аман калды. Видео

Кырсык 1-мартта болгон. Жумушчу жаңы курулуп жаткан 14 кабаттуу имараттын 9-кабатынан кулап түшкөн. Ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жабырлануучунун баш мээси чайкалып, эки буту, ийини жана сол далысы сынган.

12 марта 2021
Марипов: мамлекет акча бөлдү, жакында кант менен май арзандашы керек
Марипов: мамлекет акча бөлдү, жакында кант менен май арзандашы керек

Социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн катарына кирген кумшекер менен өсүмдүк майынын баасын арзандатуу үчүн мамлекеттен ири суммадагы каражат бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов КТРКга берген маегинде айтты.

12 марта 2021
Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан эки киши каза таап, бешөө жаракат алды
Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан эки киши каза таап, бешөө жаракат алды

Окуя кечээ, 11-март күнү, Токтогул районунун аймагында болуп, Тоyota Windom жана Toyota Previa үлгүсүндөгү унаалардын кагышканы айтылат.

12 марта 2021
Сыймык Жапыкеев генерал-майор наамын алганын айтып чыкты
Сыймык Жапыкеев генерал-майор наамын алганын айтып чыкты

Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ошол кездеги жетекчиси Сыймык Жапыкеев ага Финансы полициясынын генерал-майору наамы берилгенин өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

12 марта 2021
Инвестфонд түзүлөт. Жапаров менен Мирзиёев кол койгон документтер
Инвестфонд түзүлөт. Жапаров менен Мирзиёев кол койгон документтер

2017-жылдын 13-декабрында Ташкент шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Өзбекстан Республикасынын Жаштар союзунун Борбордук кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун" алкагында эки тараптуу кызматташууну ишке ашыруу боюнча 2021-2022-жылдарга карата иш-чараларды өткөрүү календары;

12 марта 2021
Бир авиакомпанияда билет калган жок. Бишкек — Москва каттамынын баалары
Бир авиакомпанияда билет калган жок. Бишкек — Москва каттамынын баалары

Жергиликтүү туроператорлордун биринин сатуу бөлүмү россиялык авиакомпания сайтына түз каттамдар үчүн билеттин минималдык баасын көрсөткөнүн айтып, рейс жакындаган сайын кымбаттай берерин билдирди.

12 марта 2021
Бишкектеги логопеддер. Дареги, телефону, баасы
Бишкектеги логопеддер. Дареги, телефону, баасы

Эске салсак, макалада логопеддин бир сабак үчүн алчу баасы көрсөтүлдү. Сабактын убактысы ар кандай болушу мүмкүн (жарым сааттан бир саатка чейин). Ага кошумча нарк баланын оорусунун деңгээлине жараша да өзгөрүшү ыктымал.

12 марта 2021
Ошто базардагы ишкерлерден акча жыйнаган деп милициянын подполковниги кармалды
Ошто базардагы ишкерлерден акча жыйнаган деп милициянын подполковниги кармалды

"№1 шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси базар ишкерлеринен 6 миңден 7 миң сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды. Кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда мурда пара катары берилген акча каражаттар табылды", — деп жазылат маалыматтта.

12 марта 2021
Сыймык Жапыкеев Финпол жоюлгандан кийин биринчи билдирүүсүн жасады
Сыймык Жапыкеев Финпол жоюлгандан кийин биринчи билдирүүсүн жасады

Кечээ күнү Финполдун жамааты менен коштоштум. Колдон келишинче иштештик. Жоюлган мекеменин мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев өзүнүн Facebook баракчасынан кайрылуу жасады.

11 марта 2021
Жапаровго бөркүмдөй ишенем. Төрөкулов абактан кантип добуш бергенин айтты. Видео
Жапаровго бөркүмдөй ишенем. Төрөкулов абактан кантип добуш бергенин айтты. Видео

Эки ай мурун УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген эл өкүлү бүгүн парламенттин жыйынына келди. Ал чуу жараткан добуш берүү боюнча журналисттердин суроосуна жооп берди.

11 марта 2021
Референдум өткөрүүгө кайсы депутат каршы болду. Добуш бергендердин тизмеси
Референдум өткөрүүгө кайсы депутат каршы болду. Добуш бергендердин тизмеси

Аталган мыйзам долбоору бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюлду. Жыйынтыгында 94 депутат "макул", алтоо "каршы" добуш берген. Алар: Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталия Никитенко Чынара Урумкалиева, Бактыбек Жетигенов.

11 марта 2021
Абактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов бошонуп, парламент жыйынына келди. Видео
Абактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов бошонуп, парламент жыйынына келди. Видео

Тергөө абагында отурган депутат Дүйшөн Төрөкулов бошоп чыгып, бүгүн парламенттин жыйынына келди. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип кечээ, 10-мартта, Биринчи май райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылганын билдирди.

11 марта 2021
Кара-Сууда 30дай киши тамакка ууланып, экөө каза болду. Окуянын чоо-жайы
Кара-Сууда 30дай киши тамакка ууланып, экөө каза болду. Окуянын чоо-жайы

Кара-Сууда туулган күнгө барган 30га жакын адам тамакка ууланып, алардын экөө каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамирасул Өмүрзаков билдирди.

11 марта 2021
Депутаттар кийинки жумада парламентке келбей турган болушту
Депутаттар кийинки жумада парламентке келбей турган болушту

Тагыраак айтканда, 15-19-март күндөрү жыйындарды өткөрбөй, шайлоочулар менен аймактарда иш алып баруу чечимин кабыл алышты.

11 марта 2021
Ташкент Садыр Жапаровду кантип тосуп алды. Видео
Ташкент Садыр Жапаровду кантип тосуп алды. Видео

Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кеткен КР президенти Садыр Жапаровду "Ташкент" аэропортунан өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Аба майданда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилген. 

11 марта 2021
Жаңы Конституция кабыл алынса эң төмөнкү пенсия, жөлөк пул 5000 сом болот
Жаңы Конституция кабыл алынса эң төмөнкү пенсия, жөлөк пул 5000 сом болот

Референдумга сунушталган Баш мыйзамдын 44-беренесинин 2-бөлүмүндө "Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш" деп жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери белгиленген.

11 марта 2021
Садыр Жапаров мигранттардын кайрылуусуна жооп берди
Садыр Жапаров мигранттардын кайрылуусуна жооп берди

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек эмгек мигранттарынын балдарынын көйгөйү боюнча президент Садыр Жапаровдун позициясын билдирди. Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мигранттар балдарынын медициналык камсыздоо көйгөйү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон.

11 марта 2021
Бишкекте ушул дем алышта дагы азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери, баасы
Бишкекте ушул дем алышта дагы азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери, баасы

Бишкекте 13-14-март күндөрү айыл чарба азыктарынын жарманкеси болот. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

11 марта 2021
АКШга кирүүгө чектөө алынды. 13 өлкөнүн арасында Кыргызстан дагы бар
АКШга кирүүгө чектөө алынды. 13 өлкөнүн арасында Кыргызстан дагы бар

Бул чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген. Ага ылайык, Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.

11 марта 2021
Кыргызстан Сирияда калган жарандарын алып келүү үчүн учак жиберет
Кыргызстан Сирияда калган жарандарын алып келүү үчүн учак жиберет

Кыргызстан буга чейин Сирияга согушка кетип, ал жакта калып калган жарандарын алып келүү үчүн учак жиберет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов билдирди.

11 марта 2021