Референдум өткөрүүгө кайсы депутат каршы болду. Добуш бергендердин тизмеси

11 марта 2021 Референдум өткөрүүгө кайсы депутат каршы болду. Добуш бергендердин тизмеси

Парламентте жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өткөрүүгө добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Аталган мыйзам долбоору бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюлду. Жыйынтыгында 94 депутат "макул", алтоо "каршы" добуш берген. Алар: Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталия Никитенко Чынара Урумкалиева, Бактыбек Жетигенов.

Белгилей кетсек, референдум дайындоо боюнча маселе кечээ, 10-мартта, экинчи окууда каралган. Үчүнчү окууда кароо боюнча айтылган эмес. Ал эми бүгүн үчүнчү окуудан дагы добуш берилди.

Өткөн жумада парламент биринчи окууда колдогон. Референдум дайындоого 87 эл өкүлү "макул", тогузу "каршы" добуш берген.

Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталган. Бул мыйзамга бүгүн кечке чейин президент кол коюшу керек.


sputnik