Бишкекте 9-кабаттан кулаган куруучу аман калды. Видео

12 марта 2021 Бишкекте 9-кабаттан кулаган куруучу аман калды. Видео

Бишкектин Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 18 жаштагы курулушчу кулап түштү. Октябрь райондук милициясынын маалыматына караганда, жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.

ВИДЕО

Кырсык 1-мартта болгон. Жумушчу жаңы курулуп жаткан 14 кабаттуу имараттын 9-кабатынан кулап түшкөн. Ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жабырлануучунун баш мээси чайкалып, эки буту, ийини жана сол далысы сынган.

Аталган факт Жазык кодексинин 258-беренеси ("Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.


sputnik