Жанылыктар

Өкмөт башчы Марипов Ташкентке барды

Премьер-министр Улукбек Марипов жумушчу сапары менен Ташкентке барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, Марипов Ташкентте 25-26-март күндөрү болот.

25 марта 2021
Олимпиадага барчу спортчуларга акча бөлүнбөй, карыз болуп жатышканы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Олимпиада оюндарына даярданып жаткан спортчуларга каражат бөлүнбөй жатканына нааразы болду. Анын айтымында, өлкөнүн Олимпиадалык командасына 105 миллион сом каралса, бүгүнкү күндө анын 16 миллиону гана бөлүнгөн.

25 марта 2021
Садыр Жапаров кимдин сөзүн угат. Ажонун кеңешчилери тууралуу маалымат
Садыр Жапаров кимдин сөзүн угат. Ажонун кеңешчилери тууралуу маалымат

Жапаров жакында берген маектеринин биринде кеңешчиси менен маалымат катчысы аны аябастыгын, эс алдырбай, бир да мүнөтүн бош койбой тургандыгын айткан эле.

25 марта 2021
400 үй көчүрүлбөйт. Өкмөттүн өкүлү митингчилер менен жолукту
400 үй көчүрүлбөйт. Өкмөттүн өкүлү митингчилер менен жолукту

Бүгүн эски аянтка 100дөй адам чогулган. Алар премьер-министр Улукбек Мариповдун Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлө көчүрүлөт деген сөзүнө нааразычылыгын билдирип, жерди мыйзамдаштырып берүү өтүнүчү менен президентке жолугушууга келишкен. Митингчилердин айтымында, өкмөт көптөн бери жерлерди мыйзамдаштыруу убадасын берип келет, бирок чечим чыга элек.

25 марта 2021
Мамдума мигранттарды каттоонун жаңы эрежелери боюнча мыйзам кабыл алды
Мамдума мигранттарды каттоонун жаңы эрежелери боюнча мыйзам кабыл алды

Россиянын Мамлекеттик Думасы мигранттарды манжа издерин тапшырууга милдеттендирген мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу РФ парламентинин маалымат кызматы кабарлады.

25 марта 2021
Эски аянттагы митингчилер аткаминердин тамекисин өчүртүштү. Видео
Эски аянттагы митингчилер аткаминердин тамекисин өчүртүштү. Видео

Митингчилердин алдына өкмөттүн аппаратынын өнөр жай, энергетика жана тоо-кен тармагы боюнча бөлүм башчысы Сүйүнтбек Аликеев чыкты. Эл менен сүйлөшүү учурунда ага "байке, тамекиңизди өчүрүп койбойсузбу" деп кайрылышты. Аткаминер буга чейин ыргыткан тамекисин өчүрүп, жерден алып койду.

25 марта 2021
Артка кайтаралы! Депутат окуу жайдын жерине ректорлор үй салып алганын айтты
Артка кайтаралы! Депутат окуу жайдын жерине ректорлор үй салып алганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Акыл Кемелов окуу жайларына тиешелүү жерге ректор, директорлор өзүнө хан сарай салып алганын билдирди. Эл өкүлү мындай фактылар көп экенин белгилеп, эки окуу жайды мисал келтирди.

25 марта 2021
Жерди мыйзамдаштырып бергиле! Митингчилер Жапаровдун чыгышын талап кылууда
Жерди мыйзамдаштырып бергиле! Митингчилер Жапаровдун чыгышын талап кылууда

Өкмөт үйүнүн алдында Ак-Ордо, ТЭЦ-2 жаңы конуштарынын жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылган адамдар митинг өткөрүп жатат. Чогулган эл мындай өтүнүч менен президент Садыр Жапаровго жолугууну көздөөдө. Алардын айтымында, митингчилер жашаган бул жерлер 16 жылдан бери мыйзамдашпай келет.

25 марта 2021
Партияны эмес, депутатты тандасын. ЖКда шайлоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды
Партияны эмес, депутатты тандасын. ЖКда шайлоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды

Депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын демилгеси бүгүн парламенттин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилип, биринчи окууда каралары күтүлүүдө.

25 марта 2021
Кыргызстандын муфтийи качан шайланары белгилүү болду
Кыргызстандын муфтийи качан шайланары белгилүү болду

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII курултайы өтөт. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү муфтий кызмат ордуна, Аалымдар кеңешине жана Борбордук текшерүү комитетине өкүлдөр шайланат.

25 марта 2021
Түндө Ысык-Атада үй өрттөнүп 62 жаштагы киши каза болду
Түндө Ысык-Атада үй өрттөнүп 62 жаштагы киши каза болду

Түндө Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында үй өрттөнүп, анын кесепетинен 62 жаштагы киши каза болгон. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

25 марта 2021
Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Каратаев менен Үсөнбаев иштен алынды
Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Каратаев менен Үсөнбаев иштен алынды

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматтан алынышканы тууралуу маалыматты аталган министрлик тастыктады.

25 марта 2021
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат

Ушул тапта Ош шаары менен Чүй облусундагы эмдөө пунктуларында вакциналар даярдалып жатат. Ошондой эле Иммунизация боюнча илимий-техникалык топтун адистери вакцинага документтерди камдап жатканы айтылды.

25 марта 2021
Бишкектен Ошко чуркай турган жөө күлүк Осмонбеков: азап тартып деп жактырбагандар бар
Бишкектен Ошко чуркай турган жөө күлүк Осмонбеков: азап тартып деп жактырбагандар бар

Былтыр Ат-Башыдан Бишкекке чуркап келген жөө күлүк Оболбек Осмонбеков 450 чакырымды багынткан. Бүгүн-эртең Бишкектен ордолуу Ош шаарына чуркоо алдында турган спортчуну кепке тарттык.

25 марта 2021
Садыр Жапаров дагы 254 адамга ырайым берди
Садыр Жапаров дагы 254 адамга ырайым берди

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров 18-февралда кол койгон. Жалпысынан 1 378 адам ырайым сурап кайрылса, алардын ичинен 1 133 адамдын өтүнүчү четке кагылган.

25 марта 2021
Кургак учукка кабылгандар кымызга кетип калып кыйналышат. Фтизиатрдын маеги
Кургак учукка кабылгандар кымызга кетип калып кыйналышат. Фтизиатрдын маеги

Жыл сайын 24-мартта Эл аралык кургак учук менен күрөшүү күнү белгиленип келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдиргенине караганда, кургак учук ажал чакырган он оорунун катарына кирет. 

25 марта 2021
Жапыкеев президент Жапаровдун жарлыгы менен генерал болгон
Жапыкеев президент Жапаровдун жарлыгы менен генерал болгон

Финансы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеевге "Финансы полициясынын генерал-майору" наамы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ыйгарылган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

25 марта 2021
Марипов жумгалдыктардын Түндүк — Түштүк жолу боюнча суроолоруна жооп берди
Марипов жумгалдыктардын Түндүк — Түштүк жолу боюнча суроолоруна жооп берди

Премьер-министр Улукбек Марипов Жумгал районуна барып, эл менен жолукту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Анын айтымында, Куйручук айылына келип токтогон өкмөт башчы Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолун талкуулаган.

25 марта 2021
Кара-Сууга аким болом деп 74 адам арыз берди
Кара-Сууга аким болом деп 74 адам арыз берди

"Талапкерлердин документтерин кабыл алуу аяктады. Учурда Ош облусундагы район акимдери менен орун басарлары аттестациядан өтүп жатат. Бул иш аяктагандан кийин Кара-Суу менен Ноокат райондорунун акимчилик кызматына талапкерлигин койгондорго тестирлөө уюштурулат", — деди Маматалиев.

24 марта 2021
Токтогулда суу кооптуу чекке жетти. Өкмөт ички керектөөнү азайтмакчы
Токтогулда суу кооптуу чекке жетти. Өкмөт ички керектөөнү азайтмакчы

Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард кубга азайып, кооптуу чекке жетти. Бул туурасында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев парламенттин жыйынында билдирди.

24 марта 2021
Эмдөөдөн кийин күтүүсүз окуялар болсо кандай аракеттер көрүлөт. Расмий жооп
Эмдөөдөн кийин күтүүсүз окуялар болсо кандай аракеттер көрүлөт. Расмий жооп

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн кийин күтүүсүз окуялар болсо кандай аракеттер көрүлөрү, жоопкерчилик кимге жүктөлөрү өкмөттүк деңгээлде каралып жатат. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

24 марта 2021
Жарым жылаңачтанып сүмөлөк бышырган кыздардын чуусу. Өзбекстандагы окуя
Жарым жылаңачтанып сүмөлөк бышырган кыздардын чуусу. Өзбекстандагы окуя

Маалыматта аларга карата Үргөнч шаардык соту иш козгоп, үчөө майда бейбаштык боюнча 15 суткага административдик камакка алынганы айтылат. Ал эми калгандары 1,225 миллион сумдук (116 доллар) айыпка жыгылган.

24 марта 2021
Бабановго козголгон кылмыш иштер токтотулду. Ал мамлекетке 100 млн. сом төгөт
Бабановго козголгон кылмыш иштер токтотулду. Ал мамлекетке 100 млн. сом төгөт

"Мындай чечимге Бабановдун аракеттеринде мамлекеттин, ошондой эле жарандардын кызыкчылыгына каршы келген фактылардын жоктугу себеп болгон", — деп айтылат маалыматта.

24 марта 2021
Бишкектин четинде үч автоунаа кагышты. Жеринен тартылган видео
Бишкектин четинде үч автоунаа кагышты. Жеринен тартылган видео

Бишкектин четиндеги айланма жолдо үч автоунаа кагышып, бир киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

24 марта 2021
Тарыхтагы маанилүү күн. Президент 24-мартка карата элге кайрылды
Тарыхтагы маанилүү күн. Президент 24-мартка карата элге кайрылды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 24-март элдик революция күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

24 марта 2021
Футбол: КР олимпиадалык курама командасы эл аралык мелдештеги алгачкы оюнда утулду
Футбол: КР олимпиадалык курама командасы эл аралык мелдештеги алгачкы оюнда утулду

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы (U-23)  "Үч улуттун кубогу" аталышындагы эл аралык турнирде биринчи беттешинде Бангладеш командасына утулуп калды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

24 марта 2021
Ош шаарында мугалимди атып кетишти. Милиция шектүүлөрдү издөөдө
Ош шаарында мугалимди атып кетишти. Милиция шектүүлөрдү издөөдө

23-мартта Ош шаарынын Көкүм Бий көчөсүнөн октон жаракат алган эркек кишинин сөөгү табылган. Маркум шаардагы №44 мектептин информатика мугалими экендигин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

24 марта 2021
Бензиндин баасы 50 сомго чыгышы толук ыктымал. Нефтетрейдерлердин божомолу
Бензиндин баасы 50 сомго чыгышы толук ыктымал. Нефтетрейдерлердин божомолу

“Кымбаттоого россиялык заводдордогу дуң баанын көтөрүлгөнү дагы себеп болууда. Тагыраагы, бир литр бензиндин 50 сом болушу кадыресе көрүнүш болгону турат. Келерки кымбаттоо марттын аягына, апрелдин башына туура келиши мүмкүн”, — дешти ассоциациядан.

24 марта 2021
Көзү көрбөгөн Дастандын жөндөмүнө куландан соо адамдар таң беришет. Видео
Көзү көрбөгөн Дастандын жөндөмүнө куландан соо адамдар таң беришет. Видео

Дастан Камчыбековдун жашоосу жети жыл мурда чукул өзгөргөн. Башкалардан эч нерсеси менен айырмаланбаган өспүрүм басканды, окуганды кайра баштан үйрөнүүгө мажбур болгон. Азыр ал профессионал катары спорт менен машыгып, паратриатлон боюча Азия чемпионатына даярданууда.

24 марта 2021
Жумгалда көмүрдүн күлүнөн жер семирткич өндүрүү пландалууда. Сүрөттөр
Жумгалда көмүрдүн күлүнөн жер семирткич өндүрүү пландалууда. Сүрөттөр

Жумгалда ферганалыктардын жардамы менен көмүрдүн күлүнөн жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу май өндүрүп чыгаруу аракеттери көрүлмөкчү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

24 марта 2021
Эл көп жүргөн жерге барбагыла. Министрлик эскертүү берди
Эл көп жүргөн жерге барбагыла. Министрлик эскертүү берди

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектин жашоочуларын алдын ала коргонуу чаралары менен санитардык нормаларды бекем сактоого чакырды. Бул туурасында Коомдук саламаттык боюнча башкармалыктын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

23 марта 2021
Шылуундар паспорттун көчүрмөсүн кантип колдонушу ыктымал? Юристин жообу
Шылуундар паспорттун көчүрмөсүн кантип колдонушу ыктымал? Юристин жообу

Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров шылуундар паспорттун көчүрмөсү менен кандай мыйзамсыз иштерди жасай ала турганын санап берди.

23 марта 2021
Ээн турган "Ганси" акыркы үмүт эле... Кызыл зонада иштеген медиктин каты
Ээн турган "Ганси" акыркы үмүт эле... Кызыл зонада иштеген медиктин каты

Зуура Мадылканова Бишкектеги Студенттер бейтапканасында акушер-гинеколог болуп иштейт. Пандемияда кызыл зонада эмгектенген. Ал учурду дарыгер Улуу Ата Мекендик согуш убагы менен салыштырып, дарыгерлердин көргөн азаптуу күндөрүн баяндап берди.

23 марта 2021
Алтын-Ордо конушуна 122 млн. сомго жаңы мектеп курулмай болду
Алтын-Ордо конушуна 122 млн. сомго жаңы мектеп курулмай болду

"Алтын-Ордо-14 көчөсүндө жайгаша турган жалпы билим берүү мекемесинин долбоордук-сметалык документациясы толугу менен даярдалып бүттү. Жарыяланган тендер Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу ишке ашат", — деп айтылат билдирүүдө.

23 марта 2021