Премьер-министр Улукбек Марипов Жумгал районуна барып, эл менен жолукту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Анын айтымында, Куйручук айылына келип токтогон өкмөт башчы Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолун талкуулаган.
"Жергиликтүү калк жол куруу иштери май айында башталсын деген талабын коюшту. Бирок транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Талант Солтобаев июнь айынан баштап тендер жарыяланса, утуп алган фирма ишти күз айларында баштай турганын билдирди. Ал эми өкмөт башчы жолдун курулушун жеке көзөмөлүнө аларын убадалады", — деди кабарчы.
Марипов аталган жол 2023-жылы толугу менен бүтөрүн кошумчалаган.
Эске салсак, 10-мартта Жумгал районуна караштуу Доскулу айылынын кире беришинде 100гө жакын адам жол тоскон. Алар Кочкордон Жумгалга кетчү жолдун абалы начарлап, каттоого мүмкүн болбой калганын айтышкан. Митингдин эртеси, 11-март күнү, Жумгалда жолдун абалына байланыштуу нааразычылык акциясына чыккандар менен бийлик өкүлдөрү жолугуп, жол оңдоо иштери жайында башталарын убадалашкан эле.
Буга чейин кыргыз өкмөтү Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы тилкесин куруп жаткан италиялык Todini Costruzioni Generali Company компаниясы менен келишимди бир тараптуу токтоткон.