Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдындагы митингчилер аткаминердин жерге таштап койгон тамекисин өчүрттү.
Учурда Ак-Ордо, ТЭЦ-2 жаңы конуштарынын жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылган адамдар митинг өткөрүп жатышат. Алар премьер-министр Улукбек Мариповдун ТЭЦ-2 ишке кирсе 400 үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келери боюнча айткандарына нааразы болушууда. Топтолгон жарандардын айтымында, бийлик алардын жерин мыйзамдаштырып берүүнү убадалаган. Акциянын катышуучулары президент Садыр Жапаровдун чыгышын талап кылышууда.
Митингчилердин алдына өкмөттүн аппаратынын өнөр жай, энергетика жана тоо-кен тармагы боюнча бөлүм башчысы Сүйүнтбек Аликеев чыкты. Эл менен сүйлөшүү учурунда ага "байке, тамекиңизди өчүрүп койбойсузбу" деп кайрылышты. Аткаминер буга чейин ыргыткан тамекисин өчүрүп, жерден алып койду.