Жанылыктар

Бишкекте жаңы психоактивдүү зат саткан деп 28 жаштагы кыз кармалды. Сүрөт

Бишкекте жаңы психоактивдүү заттарды жана баңгизат сатып жүрүүгө шектелип 28 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

17 марта 2021
Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудай берет. Көрсөтүлчү жардамдын тизмеси

Кыргызстан менен Өзбекстандын Айыл чарба министрликтери айыл чарба жана азык-түлүк камсыздоо жаатында кызматташуу боюнча Практикалык чаралар планына ("Жол картасына") кол койгон.

17 марта 2021
Шаардык кеңештин депутаты эмне иш кылат? Милдети жана артыкчылыктары
Шаардык кеңештин депутаты эмне иш кылат? Милдети жана артыкчылыктары

ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик органдарды жана жарандардын бирикмелеринин (финансы-чарбалык иштерди, соттордон сырткары) ишин текшерүү зарылдыгы жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

17 марта 2021
Кыргызстан менен Өзбекстан 500 млн. долларлык "Жол карта" кабыл алды. Тизмеси
Кыргызстан менен Өзбекстан 500 млн. долларлык "Жол карта" кабыл алды. Тизмеси

Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөр жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында практикалык чаралардын планына, башкача айтканда, "Жол картага" кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

17 марта 2021
Манастын аялдары. Каныкейден башка төртөө менен баатыр кантип табышкан
Манастын аялдары. Каныкейден башка төртөө менен баатыр кантип табышкан

Баатырдын аялдарынын аты-жөнү, Манаска кандайча, кайдан кезиккенин окуй аласыздар. Маалыматтар "Манас" энциклопедиясы" эмгегинен, Ашым Жакыпбектин "Теңири Манас" китебинен жана манасчы Талант Бакчиевден алынды.

16 марта 2021
Азат Базаркулов кайрадан MegaCom компаниясынын жетекчиси болду
Азат Базаркулов кайрадан MegaCom компаниясынын жетекчиси болду

Азат Базаркулов кайрадан "Альфа Телеком" (MegaCom) компаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

16 марта 2021
Кыргызстанда апрелде эмдөө башталат. AstraZeneca вакцинасы эмне болот
Кыргызстанда апрелде эмдөө башталат. AstraZeneca вакцинасы эмне болот

Буга чейин президент Садыр Жапаров Россияга иш сапары менен барып келгенден кийин Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берери айтылган. "Спутник V" Жапаров Россияга барар алдында Кыргызстанда каттоого алынган.

16 марта 2021
Кыргызстанда кайрадан карантин киргизилеби? Министрдин жообу
Кыргызстанда кайрадан карантин киргизилеби? Министрдин жообу

"Башкача айтканда, былтыркы жылдын күз айларындагы чектөөлөргө кайтышыбыз мүмкүн. Мисалы, кафе-ресторандарда 50дөн ашпаган киши отурушу керек. Бизнестин ишин толук токтотуп коё албайбыз. Өзгөчө абал, коменданттык саат жарыялоо боюнча сөз жок, бирок баарын убакыт көрсөтөт", — деди Бейшеналиев.

16 марта 2021
Кара-Сууда тамакка уулангандар. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкты
Кара-Сууда тамакка уулангандар. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкты

Кара-Сууда туулган күнгө барган кишилер эмнеден ууланганын Ош шаардык жана облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жээнбаева билдирди.

16 марта 2021
Ирактан 79 кыргызстандык бала мекенине кайтарылды. Сүрөттөр
Ирактан 79 кыргызстандык бала мекенине кайтарылды. Сүрөттөр

Ирак Республикасындагы кыргызстандык 79 бала Бишкекке кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Бул "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында жүзөгө ашырылып, бүгүн, 16-мартта, балдар өлкөгө атайын борт менен учуп келишкен.

16 марта 2021
Кыргызстан жыл башынан бери 5,4 млрд. сомдук карызынан кутулду
Кыргызстан жыл башынан бери 5,4 млрд. сомдук карызынан кутулду

Ошондой эле министрлик 31-январга карата мамлекеттик карыздын (тышкы-ички) суммасы 4 миллиард 954,11 миллион долларга (420 миллиард 108,67 миллион сом) жеткенин маалымдады.

16 марта 2021
12 миңге жакындап барды. Шаардык кеңешке аттанган талапкерлердин тизмеси
12 миңге жакындап барды. Шаардык кеңешке аттанган талапкерлердин тизмеси

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 28 саясий партиянын шаардык кеңешке депутат болууну каалаган талапкерлеринин аты-жөнүн жарыялады.

16 марта 2021
Кызматкерин сабаган... Ош шаардык спорт комитетинин башчысына каршы арыз түштү
Кызматкерин сабаган... Ош шаардык спорт комитетинин башчысына каршы арыз түштү

"Арыздануучу Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринен Абакиров шериктери менен бирге аны сабап кеткенин айтты", - деди Сыдыков.

16 марта 2021
УКМК 59 млрд. сомду чыгарып кетүүгө катышы бар адамга издөө жарыялады
УКМК 59 млрд. сомду чыгарып кетүүгө катышы бар адамга издөө жарыялады

"Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мамлекеттен мыйзамсыз 59,5 миллиард сом акча каражатын чыгарып кетүүгө катыштыгы бар 48 жаштагы Жолдошбаев Бахтияр Сатышевич изделүүдө", — деп жазылат маалыматта.

16 марта 2021
25 жыл ажолорду ташыган. КР авиациясынын "атасы" Ишембай Абдраимов жөнүндө 7 факты
25 жыл ажолорду ташыган. КР авиациясынын "атасы" Ишембай Абдраимов жөнүндө 7 факты

Бүгүн ата мекендик авиациянын калыптанып өнүгүүсүнүн башында турган СССРдин эмгек сиңирген учкучу Ишембай Абдраимовдун туулган күнү. Кезинде ал өлкө аймагында далай учуп-конуу тилкелерин курдуруп, 25 жылдай мамлекет башчыларын учак менен ташыган.

16 марта 2021
Жапаров менен жолуккан РФтин агартуу министри "Артекке" 150 сертификат белек кылды
Жапаров менен жолуккан РФтин агартуу министри "Артекке" 150 сертификат белек кылды

Жапаров Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россиянын Агартуу министрлигинин ортосунда мектептерди куруу, ыктыярчы мугалимдер менен камсыз кылуу, Россиянын ЖОЖдорунда мугалимдерди даярдоо, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана айрым сабактарды окутуу боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууларга жетишилгендигин белгиледи.

16 марта 2021
Ташиев: кыргыз-тажик чек арасы чечилип жатканда үйлөр бузулушу мүмкүн
Ташиев: кыргыз-тажик чек арасы чечилип жатканда үйлөр бузулушу мүмкүн

Кыргыз-тажик чек арасы аныкталып, маселе чечилип жатканда айрым үйлөр бузулуп, жашоочулар башка жакка көчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

16 марта 2021
ИИМ: киши өлтүрүү иши боюнча милиционер кармалды, экинчиси издөөдө
ИИМ: киши өлтүрүү иши боюнча милиционер кармалды, экинчиси издөөдө

"Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери бир ай бою "погончон кылмышкерлерди" кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүштү. 13-мартта болжол менен саат 01:45те Баткен облусундагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыйгарым укуктуу Х.К. аттуу милиционерди кармашкан. Ал Бишкектеги убактылуу кармоо жайына алып келинди", — деп айтылган маалыматта.

16 марта 2021
Октябрда акталган министр Өмүралиевди сот кайра күнөөлүү деп таап, айыпка жыкты
Октябрда акталган министр Өмүралиевди сот кайра күнөөлүү деп таап, айыпка жыкты

Бишкек шаардык соту апелляциялык арыздын негизинде коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин ишин карап, буга чейинки райондук соттун чечимин жокко чыгарып, беш миллион сом айыпка жыкты. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматы билдирди.

16 марта 2021
Талкаланып, жан адам жашабай. Сирияда тартылган кейиштүү видео
Талкаланып, жан адам жашабай. Сирияда тартылган кейиштүү видео

Сириянын Хомс шаарындагы талкаланган имараттар, жан адам жашабай калган көрүнүш кинофильмдеги фрагменттерди элестеткени менен бул реалдуу абал.

16 марта 2021
Кыргызстанга Түштүк Кореядан автоунаа ташыгандардын саны кескин өстү
Кыргызстанга Түштүк Кореядан автоунаа ташыгандардын саны кескин өстү

Кыргызстанда Түштүк Кореядан автоунаа ташыгандардын саны өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Ушул жылдын январь айында 872 автоунаа ташылып келген. Анын басымдуу бөлүгү Россия (412) жана Түштүк Кореядан (288) алынган.

15 марта 2021
Коронавирустан айыккандар эмнесин текшертиши керек. Маанилүү кеңештер
Коронавирустан айыккандар эмнесин текшертиши керек. Маанилүү кеңештер

COVID-19 оорусун жуктуруп айыккандар организмине байкоо салып, бир нече анализ тапшырышы керек. Бул тууралуу РИА Новости "Хеликс" лабораториялык кызматынын директору Дмитрий Денисовго таянып билдирди.

15 марта 2021
Францияда классташын өлтүргөн өспүрүмдөр 20 жылга чейин соттолушу мүмкүн
Францияда классташын өлтүргөн өспүрүмдөр 20 жылга чейин соттолушу мүмкүн

Алишанын сөөгү 8-март күнү кечинде Сена дарыясынан табылган. Жергиликтүү прокурордун маалыматына караганда, кыз ал күнү эки классташы менен жолуккан. Алар Алишаны ур-токмокко алып, тирүүлөй Сена дарыясына ыргытып жиберишкен. Прокуратура алар муну алдын ала пландашкан деп эсептөөдө.

15 марта 2021
Казакстанда учак кырсыгынан аман калгандарга операция жасалды
Казакстанда учак кырсыгынан аман калгандарга операция жасалды

Алматыда учак кырсыгынан тирүү калган эки экипаж мүчөсүнө операция жасалды. Дарыгерлер алардын абалы туруктуу экенин билдиришти. Бул тууралуу казак басылмалары коомдук саламаттык башкармалыгына шилтеме жасоо менен кабарлашты.

15 марта 2021
Кыргызстандын муз тоңгон жолдорундагы автотыгындар. Видео
Кыргызстандын муз тоңгон жолдорундагы автотыгындар. Видео

ӨКМ Бишкек — Ош жолунун 126-чакырымында унаалар токтоп калганын билдирди. Ал жакта министрликтин техникасы, кызматкерлери жана Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору иштеп жатат. Саат 20.00дөн тарта “Сосновка” постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Жолдун аркы башынан — Токтогул районунда  чоң машиналар 21.00дөн баштап тосулууда.

15 марта 2021
Кирпик жасоодон баштаган бизнесим миллионер кылды. 20 жаштагы Ырыс менен маек
Кирпик жасоодон баштаган бизнесим миллионер кылды. 20 жаштагы Ырыс менен маек

Ырыс Нурланова 20 жаштагы миллионер кыз. Аны карьера менен үй-бүлөнү ийгиликтүү алып кеткен айымдардын катарына кошсо болот. Себеби ишкер кыз 18 жашында турмушка чаккан, учурда бир уулдун энеси.

14 марта 2021
Каза болгондор бар. Боомдо жол кырсыгы болду. Видео
Каза болгондор бар. Боомдо жол кырсыгы болду. Видео

Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Боом капчыгайында жол кырсыгы катталып, андан эки киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

14 марта 2021
"Мекеним Кыргызстан" партиясын негиздеген Айбек Осмонов ЖК депутаты болду
"Мекеним Кыргызстан" партиясын негиздеген Айбек Осмонов ЖК депутаты болду

Айбек Осмонов "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн чечим кабыл алганы белгилүү болду.

14 марта 2021
Сох анклавы боюнча туура эмес маалымат тарады. Облус жетекчилигинин түшүндүрмөсү
Сох анклавы боюнча туура эмес маалымат тарады. Облус жетекчилигинин түшүндүрмөсү

Белгилей кетсек, кечээ президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек "Кыргыз бийлиги Өзбекстанга Кыргызстан аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр. Сохтун жашоочулары чек ара аркылуу эркин каттай алат. Ал эми Өзбекстан Кыргызстанга талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоону берүүгө даяр" деген билдирүү тараткан.

14 марта 2021
Өзбекстан Үңкүр-Тоону талашпоого даяр. Ордуна эмне сурайт
Өзбекстан Үңкүр-Тоону талашпоого даяр. Ордуна эмне сурайт

Өзбек тарап Кыргызстанга буга чейин талаш-тартыш жана саясий чыңалуунун булагы болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат катчы Галина Байтеректин билдирүүсүндө айтылды.

14 марта 2021
Айыл өкмөтүнө талапкерди акимдер гана сунуштайт... Жаңы мыйзам долбоору
Айыл өкмөтүнө талапкерди акимдер гана сунуштайт... Жаңы мыйзам долбоору

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду. Аны "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Замирбек Эсенаманов алып чыккан.

14 марта 2021
Ашканадагы билдирүүдөн Финполго чейин. Сыймык Жапыкеев тууралуу 9 факты
Ашканадагы билдирүүдөн Финполго чейин. Сыймык Жапыкеев тууралуу 9 факты

Сыймык Жапыкеев "Чоң казат" партиясынан парламенттик шайлоого аттанып, 5-октябрдагы окуялардан кийин Башкы прокурордун милдетин аткарган. Партия лидери Максат Мамытканов Жапыкеев юридикалык жактан бекитилбегенин, бирок мыйзамсыздыкты алдын алуу үчүн жана прокуратуранын айрым иштери жүрүп турушу үчүн иштеп жатканын айткан.

12 марта 2021
Муфтият быйылкы орозонун болжолдуу датасын белгиледи
Муфтият быйылкы орозонун болжолдуу датасын белгиледи

"Хиджра айларынын башталышы астрономиялык иликтөөлөр менен алектенген эл аралык борборлордун маалыматтарына негизделген. Адистер диний майрамдар айдын жаңырышына карап бир күнгө алдыга же артка жылып кетиши мүмкүн экенин айтышат", — деп жазылат Казакстан дин башкармалыгынын билдирүүсүндө.

12 марта 2021
Сургутта кыргызстандык эки бала өрттөн каза тапты
Сургутта кыргызстандык эки бала өрттөн каза тапты

Россиянын Сургут шаарына жакын жерде чыккан өрттөн кыргызстандык эки бала көз жумду. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.

12 марта 2021