Новиков 1-сентябрдан тарта "Мекен картасын" берүүнү тапшырды. Чоо-жайы

17 марта 2021 Новиков 1-сентябрдан тарта "Мекен картасын" берүүнү тапшырды. Чоо-жайы

Биринчи вице-премьер Артём Новиков 1-сентябрдан тарта "Мекен картасын" берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Новиковдун айтымында, тиешелүү мыйзам 2020-жылдын 4-августунда күчүнө киргени менен азыркы убакытка чейин аткарыла элек.

"Чет элдик жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалын көзөмөлдөө боюнча чараларды көрүү зарыл. Мыйзамга ылайык, чет элдик жарандыгы бар мекендеш деген статуска ээ болгондорго белгилүү бир укуктар берилет. Биз аларды мындай укуктарынан ажыратпашыбыз керек", — деди Новиков.

Талкуунун жыйынтыгынан кийин бир жуманын ичинде "Мекен картаны" даярдоо үчүн каржы-экономикалык жагын эсептеп чыгуу тапшырмасы берилген. Ошондой эле Новиков автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгууну милдеттендирди.

"1-апрелге чейин юридикалык маселелерди чечип, 1-сентябрдан тарта "Мекен картаны" берүү иштери башталышы шарт", — деген биринчи вице-премьер.

Маалым болгондой, "Мекен карта"— бул чет элдик жарандыгы бар мекендештин мамлекеттик мааниге ээ болгон документи.

Эгер бул мыйзам убагында күчүнө киргенде, чет элдик жарандыгы бар мекендеш статусуна ээ болгондор төмөнкү жеңилдиктерди колдоно баштамак. Алар:

  • визасыз кирип-чыгуу;
  • жашап туруу документин толтурбай эле КРдин аймагында туруктуу жашоо;
  • эмгек визасын толтурбай, жумушка уруксат албай эле эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашыруу;
  • турган жери боюнча жеңилирээк каттоодон өтүү (чек арадан өткөндөн баштап 90 иш күндүн ичинде);
  • кыргызстандыктар менен катар эле медициналык жана билим берүү кызматтарын колдонуу.

Эскерте кетсек, аталган статус мурдагы жарандарга, алардын балдары, неберелерине жана Кыргыз ССРинде туулган чет элдиктерге да берилиши ыктымал.

Мындай статусту Кыргызстан менен чектешкен өлкөлөрдүн жарандары ала албайт.


sputnik