Талкаланып, жан адам жашабай. Сирияда тартылган кейиштүү видео

16 марта 2021 Талкаланып, жан адам жашабай. Сирияда тартылган кейиштүү видео

Сириянын Хомс шаарындагы талкаланган имараттар, жан адам жашабай калган көрүнүш кинофильмдеги фрагменттерди элестеткени менен бул реалдуу абал.

RT согуштун кесепетин чагылдырган бир нече ирмемди жарыялады. Ал учкучсуз башкарылган аба техникасынын жардамы менен видеого түшүрүлгөн.

Сириядагы согуштун 10 жылдыгына карата анын аймагындагы шаарлардын бири Хомстун талкаланган жеринен тартылган көрүнүш адамды ойго салбай койбойт.

Кадрдан качандыр бир кезде аткылоого кабылып, бомбаланып, чалдыбары чыгып адам жашабай калган көчөлөрдү, кварталдарды көрүүгө болот.

Хомс калаасы согушкерлерден 2018-жылы толугу менен бошотулган. Маалыматта аталган шаарды кайра калыбына келтирүү иштери бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жаткандыгы айтылган.

Ачык маалыматтарга таянсак, 2014-жылга карата Хомстун жашоочуларынын саны 775 400 адам болгон.


sputnik