Октябрда акталган министр Өмүралиевди сот кайра күнөөлүү деп таап, айыпка жыкты

16 марта 2021 Октябрда акталган министр Өмүралиевди сот кайра күнөөлүү деп таап, айыпка жыкты

Бишкек шаардык соту апелляциялык арыздын негизинде коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин ишин карап, буга чейинки райондук соттун чечимин жокко чыгарып, беш миллион сом айыпка жыкты. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат кызматы билдирди.

Өмүралиев 2011-2014-жылдары коргоо министри болуп турган кезде мамлекеттен бөлүнгөн каражатты максатсыз жумшаганы айтылып, ага кылмыш иши козголгон. Сот аны күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айып салып, генерал наамынан ажыраткан.

2020-жылдын 13-октябрында Биринчи май райондук соту Өмүралиевдин ишин кайра карап, аны актаган.

"Бишкек шаардык сотунун 10-марттагы чечими менен райондук соттун буга чейинки өкүмү жокко чыгарылган. Ал "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу", "Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, беш миллион сом өлчөмүндө айып пул төлөө жазасы белгиленип, мамлекеттин кирешесине чегерилген", — деп жазылат шаардык соттун маалыматында.

Жогорудагы иште Өмүралиев менен бирге айыпталгандарга карата кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, жазык жоопкерчилигинен бошотулушканы айтылат.

Белгилей кетсек, Таалайбек Өмүралиев 2020-жылы 9-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Генералдык штабдын төрагасы болуп дайындалган. Кийин Улукбек Марипов түзгөн өкмөттүн курамына коргоо министри катары кирген.


sputnik