Кызматкерин сабаган... Ош шаардык спорт комитетинин башчысына каршы арыз түштү

16 марта 2021 Кызматкерин сабаган... Ош шаардык спорт комитетинин башчысына каршы арыз түштү

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Бекдөөлөт Абакиров өзүнүн кол астында иштеген кызматкерин сабагандыгы боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз түштү. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.

Ал эми Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, арыз 12-март күнү 39 жаштагы тургундан түшкөн.

"Арыздануучу Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринен Абакиров шериктери менен бирге аны сабап кеткенин айтты", - деди Сыдыков.

Факты Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 2020-жылдын 23-декабрында Кылычбек Саркарбаевди кызмат ордунан бошотуп, ордуна Бекдөөлөт Абакировду убактылуу дайындаган.


sputnik