Жапаров менен жолуккан РФтин агартуу министри "Артекке" 150 сертификат белек кылды

16 марта 2021 Жапаров менен жолуккан РФтин агартуу министри "Артекке" 150 сертификат белек кылды

Президент Садыр Жапаров Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Тараптар билим берүү чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашкан.

Жапаров Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Россиянын Агартуу министрлигинин ортосунда мектептерди куруу, ыктыярчы мугалимдер менен камсыз кылуу, Россиянын ЖОЖдорунда мугалимдерди даярдоо, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана айрым сабактарды окутуу боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууларга жетишилгендигин белгиледи.

Ошондой эле ал ар бир аймакта, Бишкек жана Ош шаарларында мектеп куруу боюнча Россия тараптын жардамын колдой тургандыгын кошумчалады.

"Кыргызстанда орус тилинде окуткан биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептерди куруу планы иштелип чыкты. Бул план жалпы билим берүүчү мектептерди түзүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюуну тездетет", — деди Жапаров.

Сергей Кравцов Кыргызстандын мектептерине орус мугалимдерин тартуу программасын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровго эл аралык "Артек" балдар борборуна республикалык балдар үчүн 150 орундук жолдомо тапшырды.

Жапаров эки мамлекеттин билим берүү жаатындагы тыгыз кызматташтыгы мындан ары да улантыларына үмүт артарын айтып, Россиянын президенти Владимир Путинге өлкөнүн билим берүү системасын колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.


sputnik